2021-жылы Казакстандын айыл чарбасына 600 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартылды. Жыл ичинде тармакта капиталдык салымдардын көлөмү дээрлик 50 пайызга өстү. Бул тууралуу Ranking.kz кабарлады. Жалпы статистикалык маалыматтарга ылайык, акыркы беш жылда тармакка тартылган инвестиция жылына орто эсеп менен 24% өскөн. Агроөнөр жай комплексин колдоонун негизги элементтери болуп жеңилдетилген насыялар жана мамлекеттик колдоонун башка механизмдери саналат. Маселен, «Агрардык насыя корпорациясы» мамлекеттик каржы институту 2020-жылы эле жалпы суммасы 46 миллиард теңгеге жакын 75 инвестициялык долбоорду каржылаган. 2021-жылы 7 миңден ашык ишкер улуттук валютада 209 миллиарддан ашык колдоо алган. Каражат жазгы айдап-жыйноо иштерине, техника жана мал сатып алууга, өндүрүштүк жана үй-бүлөлүк сүт-товар фермаларын уюштурууга, күнөсканаларды курууга, тамчылатып сугаруу системасын сатып алууга жумшалды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков