Жыл башынан бери Казакстанда тышкы соода-алмашуунун көлөмү өстү. Болгондо да олуттуу. Бул фактыны Соода жана интеграция министрлигинин вице-министри Жанел Кушукова белгиледи. Анын айтымында, акыркы беш айда республиканын тышкы соода жүгүртүүсү дээрлик 36,5 миллиард долларды түздү. Дүйнөлүк экономикада терс тенденция уланып жатканына карабастан, негизги өсүш чийки эмес товарлардын экспортунун эсебинен болгон. Натыйжада, былтыркы жылга салыштырмалуу 23%га өсүп, 7 миллиард 200 миллион долларды түздү. Белгилей кетсек, соода көлөмүнүн өсүшү Казакстандын дээрлик бардык өнөктөштөрү, анын ичинде Кытай, Германия, Испания жана башкалар, ошондой эле ЕАЭБ жана КМШ сыяктуу уюмдарга мүчө болгон өлкөлөр менен жүрүп жатат. Ошентип, Соода министрлигинин маалыматы боюнча, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерге дээрлик 3 миллиард долларлык ата мекендик өнүмдөр экспорттолгон, бул бир жыл мурдагы көрсөткүчкө караганда 36%га көп.
Которгон: Илгиз Жамалбеков