Касым-Жомарт Токаев Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон
аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчысы өзбекстандык кесиптешин туулган күнү менен
жылуу куттуктап, анын жетекчилиги астында Өзбекстандын динамикалуу өнүгүп
жатканын белгиледи. Тараптар казак-өзбек мамилелеринин стратегиялык мүнөзүн
жана экономика, маданият, илим жана билим берүү тармактарындагы байланыштардын
активдүү өнүгүшүн баса белгилешти. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей,
мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүү деңгээлинен бүткүл Борбордук
Азиянын туруктуу өнүгүүсү көз каранды. Өнөр жай, энергетика, логистика жана
айыл чарба тармактарындагы биргелешкен долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.
Президенттер ошондой эле аймактык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин
жана алдыдагы жолугушуулардын графигин талкуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

