Жасалма интеллект күнүмдүк турмуштун бир бөлүгүнө
айланып, келечек технологиясы азыртадан эле кеңири колдонууга кирди. Анын
акылдуу шаарларды өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, социалдык чөйрө, өнөр жай
жана бизнестин мүмкүнчүлүктөрү Astana AI Weekте талкууланып жатат. Иш-чара
400дөн ашуун окумуштуу, иштеп чыгуучулар, студенттер жана серепчилерди бириктирди. Кеңири
эл аралык илимий-инновациялык жумалыктын жүрүшүндө катышуучулар реалдуу ишке
ашкан чечимдерин тааныштырып, өз ара тажрыйба алмашат жана жаңы технологиялык
идеяларды талкуулашат. Уюштуруучулар форумда сунушталган мыкты долбоорлорду
экономика жана коомдук өнүгүүнүн реалдуу куралына айлантып, колдонууга
киргизүүгө кызыкдар.
Бейбит
Абдикенов, Astana IT
University «AI» илимий-иновациялык
борборунун мүдүрү:
– Адамдык дараметти, инновацияны өнүктүрүү маанилүү, келечекте биз Астананы инновациялар шаары катары тааныткыбыз келет. Негизги эки багыт - өнөр жай жана саламаттыкты сактоо. Студенттер да, окумуштуулар да ушул жерде, жаш курактык чектөө жок.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

