Чыныгы көчмөн турмуштун атмосферасына сүңгүп, гастрономиялык саякатка чыгууга эң сонун мүмкүнчүлүк. Шымкентте казак элинин үрп-адатын, маданиятын, улуттук баалуулуктарын даңазалаган этнофестиваль уюштурулду. Иш-чарага түрдүү кол өнөрчүлөр катышты. Фестивалдын өзгөчөлүгү үй кожойкелеринин салттуу тамактарды жасоо чеберчилигин көрсөтүү жана этникалык дизайнерлердин мода көргөзмөсү болду. Учурда улуттук кийимдерди тигүү муундан муунга уланып келет.
Ерлан Кыдыров, шаардык туризм жана тышкы байланыштар башкармасынын башчысы:
Тогуз айдын көрсөткүчү боюнча бизге 21 миң чет элдик турист келди. Негизги максатыбыз түштүк аймак менен Шымкент шаарында кандай кол өнөр чеберлери бар? Биз бул иш-чараны алардын колунан эмне келерин көрсөтүү үчүн уюштуруп жатабыз.
Мындай иш-чаралар казак элинин тарыхы, маданияты, үрп-адаттары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Нидерланддык Рензе Костер төрт жылдан ашык убакыттан бери Шымкентте жашайт. Европадан бул жакка жумуш боюнча көчүп келип, казак жеринде калып, казак тилин үйрөнүүнү чечкен.
Рензэ Костер, турист, Нидерланды:
Казакстандын маданий темпи такыр башкача. Этнофестиваль жакшы, мага жакты. Аны ар кандай нерселер көрсөтүп турат. Чоңдордун кийимдери абдан кызыктуу. Атмосфера абдан жагып жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков