Улуттук Улан Жеңиш парадына даярданууда

Улуттук Улан Жеңиш парадына даярданууда

Казакстанда Жеңиш парадына даярдык жүрүп жатат. Астанадагы маанилүү иш-чарага Улуттук гвардиянын өздүк курамы да активдүү кам көрүүдө. Азыр алар жигердүү парадга келе турган бронетехниканы даярдоого киришти. Белгилей кетсек, Улуттук гвардиянын курамында 17 атайын унаа жана 400дөн ашык аскер кызматчыларын сапка тизүү пландалууда.

Арсен Шаймарданов, Бронетанк кызматынын башчысы:

- Парадка Улуттук гвардиянын бронетехникасы катышат. «Алан-2», «Барыс 6×6» техникаларынын катышуусу күтүлүүдө. Улуттук гвардия ар дайым аскер потенциалын көрсөткөн иш-чарага даяр.

Жалпысынан алганда, бул жылы парадга Куралдуу күчтөрдүн башка түзүмдөрүнөн 4 жарым миңге жакын адис катышат деп күтүлүүдө. Казакстандын аймагында биринчи жолу түзүлгөн аскер бөлүктөрү ар кандай жылдардагы кийим үлгүсүндөгү согуштук тууларды салтанаттуу түрдө алып өтүшөт.

Которгон: Сезим Шейшеналиева