Бибисара Асаубаева ФИДЕнин рейтинги боюнча эң жогорку шахматчысын жеңди

Бибисара Асаубаева ФИДЕнин рейтинги боюнча эң жогорку шахматчысын жеңди

Алгачкы оюнда кыздар командасы рапид боюнча 4 раунд ойношту. Жолугушуунун биринчи күнүндө оюндун жыйынтыгы чет элдик спортчулардын пайдасына чечилди. Эсеп 13,5:18,5. Хоу Ифань Динара Садуакасова, Жансая Абдималик менен тең чыгып, Меруерт Камалиденованы жеңип, ал эми Бибисара Асаубаевага утулуп калды. Белгилей кетсек, Бибисара 2021-жылы шахмат тарыхындагы эң жаш блиц боюнча дүйнөнүн чемпиону катары Гиннесстин рекорддор китебине кирсе, ал эми 2022-жылы блиц боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болуп, Нью-Делиде өткөн ФИДЕ Гран-при турниринде экинчи орунду алган. Эки күчтүү шахматчынын беттеши чын куран айынын 19да блиц боюнча 8 раундда уланат. Бул оюнда беттештин мыкты командасы аныкталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков