Казакстандык спортчу Шыңгыз Ракпаров Бээжинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарындагы мелдешин жыйынтыктады. Спортчу чоң трамплинден секирүү боюнча 38-орунду ээледи. Ал Гундерсен системасы боюнча күч сынашып, жеңүүчүгө 7 мүнөт 35 секунда утулуп, маара сызыгына кырк үчүнчү болуп келди.
Шыңгыс Ракпаров, лыжа жарышынан улуттук кураманын мүчөсү:
- Негизинен жаман секирген жокмун. Мен бир аз ооруп калдым. Мындан улам мелдеш оңой болгон жок. Казакстандыктар лыжа тебүү боюнча Олимпиадага биринчи жолу катышууда. Белгилей кетүүчү нерсе, менин абалыма байланыштуу мелдешке чыгуу кыйын болду.
Фристайл-акробатика боюнча Шерзод Хаширбаев да тандоо турунан өтпөй калды. Мелдештин жыйынтыгында Шерзод биринчи тандоо турунда 15-орунга илинди, экинчи турда 19-орунга ээ болду.
Шерзод Хаширбаев, фристайл-акробатикадан улуттук кураманын мүчөсү:
- Бул менин биринчи Олимпиадам. Болгон күчүмдү салдым. Күйөрмандарга чоң рахмат.
Бүгүн Казакстандын курама командасынын мүчөлөрү Олимпиада оюндарында спорттун үч түрү боюнча күч сынашат. Слалом программасына лыжачы Захар Кучин чыгат. Лыжачылар Надежда Степашкина менен Ксения Шалыгина классикалык стилде командалык спринтте финалга чыгууга аракет кылышат. 1500 метр аралыкта өткөн чейрек финалда өлкө намысын шорт-трекчи Ольга Тихонова коргойт. Эске сала кетсек, Бээжинде өтүп жаткан кышкы оюндарга Казакстандын атынан 34 спортчу катышууда. Олимпиада оюндары бирдин айынын 20на чейин уланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков