Казакстандыктар ички туризмге көбүрөөк көңүл бура башташты. Евразия континентинин чок ортосунда жайгашкан өлкөдө тарыхый имараттар менен заманбап архитектураны айкалыштырган уникалдуу жаратылыш эстеликтери бар. Казактын кең талаалары менен бийик тоолордун ортосунда укмуштуудай жерлери да жок эмес. Маселен, Жангелдин районундагы жер астынан чыккан ысык суу булагына барууну каалагандардын саны жылдан-жылга артып келет. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул жердеги суунун дарылык касиети бар.
Алмурат Кабыл уулы, Жангелдин районунун тургуну:
- Коноктор көп. Мынакей бул балдар азыр келип жатат. Костанайдын жанындагы Аулие көлдөн, ушул айылдан, Орусиядан, бардык жактан келишет.
Конокторду кызыктырган дагы бир туристтик жай – Каратуз көлү. Кооз жаратылышты көрүү үчүн өлкөнүн бардык булуң-бурчунан келишет. Андан бир аз ары жакта Ахмет Байтурсыновдун туулган айылы жайгашкан. Аталган жерлерге миңдеген туристтер, анын ичинде чет элдиктердин чоң кызыгуусунан улам Казакстандын борбору менен батышын байланыштырган Амангелди районунда туристтик хаб салынып жатат.
Нурлан Койшыгулов, Амангелди району курулуш бөлүмүнүн башчысы:
- Бардык объектилер суу менен камсыз болгон. Алты объектинин бешөөндө канализация бар. Үч септиктин экөө даяр. Үчүнчүсү жакында орнотулат. Негизинен унаа токтотуучу жайга облустук бюджеттин эсебинен асфальт төшөлөт. Андан кийин кире бериштен жолго чейин. Ал Амангелди айылынын бир тарабына төшөлүп, батыш жагына чыга беришке асфальт кошулат.
Сүндет Ганиев, Амангелди районунун акиминин орун басары:
- Өткөн жылы облуска 1200 турист келген. Ал эми жыл башынан бери - 300гө жакын. Негизинен келүүнү каалагандар көп. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, саякатчылар сегиз миң жыл мурун пайда болгон Торгай геоглифтерин көргүсү келет.
Кызылорда облусундагы Камбаш көлүнө алыс-жакындан келген адамдар көп. Ишемби жана жекшемби күндөрү эс алуучулардын саны 2 миңден ашат. Алардын эңсегени тунук суу жана кумдуу пляждар.
БЛИЦ:
- Биз Казалыдан эс алганы келдик. Быйыл суу келип, жакшы болду. Канчалаган адамдар эс алып жатышат.
- 2-3 жыл мурун суу тартылып, келе албай калдык. Мына эми келип олтурабыз. Арал району боюнча Камбашка гана келебиз.
- Бул жерде агротуризм, этнографиялык жана тарыхый туризм колго алынат. Ошондой эле, жакын арада кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча долбоорлор бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков