Астанага 40тан
ашык өлкөдөн 200гө жакын этникалык казак келди. Бүгүн борбор калаада «Мекендештер» форуму өтөт.
Иш-чарага чет өлкөдөгү казак уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле саясатчылар,
илимпоздор, ишкерлер, белгилүү маданият ишмерлери катышат. Бир күн мурун
коноктор улуттук баалуулуктар менен жакындан таанышты. Ошондой эле, чеберлердин
колунан жасалган улуттук буюмдар алардын назарына коюлуп, спортчулар улуттук
спорттун түрлөрү боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Муну менен катар, этникалык
казактар V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырылганын кошумчалай кетүү керек. Эске
сала кетсек, ал келерки жылы Астанада өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков