Алматыда масштабдуу сейсмикалык аудит жүргүзүлөт

Алматыда масштабдуу сейсмикалык аудит жүргүзүлөт

Ошону менен бирге шаардын сейсмикалык коопсуздугун жогорулатуу боюнча сунуштар иштелип чыгат. Бул маселе Алихан Смаиловдун төрагалыгы алдында өткөн өкмөт жыйынында каралды. Анда түштүк шаардын башкы планы жана Алматы агломерациясын мындан ары өнүктүрүү чаралары талкууланды. Премьер-министр бул багытта ишкердик жигердүүлүктү жогорулатуунун жана акимчиликке жүктөлгөн милдеттерди системалуу түрдө аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Кеңеште чечилбей жаткан башка да маселелер талкууланды. Бул биринчи кезекте Алматы шаарынын өнөр жай аймагын кеңейтүү, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү, «Ыңгайлуу мектеп» улуттук долбоорун ишке ашыруу, кошумча билим берүү мекемелерин куруу, облустун айыл чарбасына сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү сыяктуу бир катар маселелер. Анда шаардагы дүң соода жана соода-логистикалык борборлордун тармагын өнүктүрүү планы каралды. Алар сооданын агымын гана жөнгө салбастан, транспорттук инфраструктуранын жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков