Казакстанда курама дамба сыноодон өттү. Костанай чөлкөмүндө суу ташкынына даярдыктар жүрүп, топон суудан коргонуунун жаңы ыкмалары каралып жатат. Аймактагы коргоочу тосмолорду бекемдеп, аларды эскирүүдөн коргогон жасалма дамба орнотулду. Темир тордон жасалган тосмонун ичинде таш, кум сыяктуу табигый материалдар толтурулуп бектилиген. Анын бийиктиги эки метр. Зарылчылыкка жараша аларды бири-биринин үстүнө коюуп бийиктетүүгө болот. Бул дамбанын өзгөчөлүгү кыймылдуу болуп саналат. Тагыраак айтканда суу каптоо коркунучу бар жерге жеткирип, тез кураштырууга болот. Сыноолордун жүрүшүндө адистер технологиянын бардык жактарын ар тараптуу талдап чыгышып, аны кураштыруунун ыкмалары менен дээрлик таанышышты. Алар жасалма дамбанын калктуу-конуштарды суу ташкынынан коргоодо пайдалануу мүмкүнчүлугү менен натыйжалалуулугун текшерди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

