Казакстан менен Өзбекстан куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен окуу-машыгуусу өттү

Казакстан менен Өзбекстан куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен окуу-машыгуусу өттү

Казакстан менен Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн “Канжар-2023” биргелешкен машыгуусунун экинчи этабы аяктады. Маңгыстау облусундагы «Оймаша» полигонунда атайын багыттагы биргелешкен тактикалык бөлүккө террордук коркунуч жаралган учурда бирдиктүү алгоритм иштеп чыгуу, мыйзамсыз курал-жарактарды аныктоо жана алардын булагын жок кылуу милдеттери коюлду. Чыныгы күжүрмөн шарттарда машыгууга жөө аскерлердин согуштук унаалары, артиллериялык жана зениттик системалар, тик учактар, учактар ​​жана учкучсуз учуучу аппараттар тартылган. Эске сала кетсек, ушул айдын башында Өзбекстанда биргелешкен компьютердик командалык-штабдык окуунун биринчи этабы бышыкталган. Атайын машыгуу Борбор Азия аймагындагы аскердик коопсуздукту камсыздоого багытталган.

Бердимурат Абибуллаев, 25744 аскердик бөлүм командири, гвардиянын подполковниги:

Бул окуу-машыгуунун негизги максаты - чек арадагы мыйзамсыз куралдуу топторду биргеликте жок кылып, алардын күч-аракетин жоюу жана бири-бирибиз менен тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков