Ийримдер менен секциялар казакстандык балдар үчүн мурдагыдан да жеткиликтүү болууда. Өлкөдө балдарды өнүктүрүүгө арналган долбоорлорду каржылоо боюнча атайын программа иштей баштады. Аларга мамлекеттин эсебинен акысыз барууга болот. Программа башталгандан бери акыркы 2 айда 5 миңге жакын ата-эне жана 400гө жакын жеке менчик уюм сабак өтүүгө арыз берген. Быйыл дагы 83 миңден ашуун балага орун бөлүндү. Айта кетчү жагдай, 1 бала 2 акысыз ийримди же секцияны тандай алат.
Даурен Жусупназаров, РКнын Маданият жана спорт министрлигинин бөлүм башчысы:
- Бизде EDU.kz деп аталган жан башына каржылоо боюнча портал бар, ага ылайык, ата-эне аталган сайтка кирип, каттоодон өтүп, андан кийин баласын кошуп, өз аймагын, багытын тандап алышы керек. Маселен, спорт багытын алып көрөлү. Ал жакта жеткирүүчүлөрдүн тизмеси бар, алар дагы ушул сайтта катталган. Анда жектирүүчүлөрдүн ичинен өзүнө керектүү бөлүктү тандап алышы керек.
Кумис Сеитова, РКнын Маданият жана спорт министрлигинин маданият комитетинин трагасынын орун басары:
- Албетте максаты абдан жакшы - бул акысыз ийримдер балдарыбызга таланттарды өстүрүү, чыгармачылыкты өркүндөтүү, балдарды маданий жактан тарбиялоого өбөлгө түзөт. Албетте, жемишин берет деп ойлойм.
Жеткирүүчүлөрдүн квалификациялык тандоосунан өткөн уюмдардын катарында шаардык бий жана чыгармачылык студиясы бар. Азырынча алар үчүн 70 орундуу 2 гана сабак бекитилди. Бул орундар жарым сааттын ичинде толуп калды. Министрликтин бекитүү боюнча дагы бир нече ийримдери бар. Программанын эң негизги артыкчылыктарынын бири - балдар үчүн короолордо ээн-эркин сейилдөөгө боло тургандыгында, - дейт мектептин жетекчиси Лана Болат.
Лана Болат, бий жана чыгармачылык студиясынын башчысы:
- Багыттар дароо эле толуп калды. Талап чоң, ата-энелер күтүп жатышат. Алар өз ордуларын алуу үчүн аталан порталга дайыма көз салып турушат. Бул биздин келечегибизге, балдарыбыздын келечегине чоң инвестиция деп ойлойм. Ал эми жыйынтыгында ден-соолугу чың, билимдүү, максатка умтулган жаш муунду көрө алабыз.
Кичинекей Арина сүрөт тартуу жана шахмат сабактарына 2 жылдан бери катышып келет. Мындан тышкары, ал көркөм гимнастикага кызыгып калган, бирок үчүнчү секцияга баруусуна ата-энесинин чамасы жетпейт. Чыгармачыл чөйрөлөрдү субсидиялоо жөнүндө кабар Аринанын үй-бүлөсүн кубандырды. Балким, Казакстандын болочоктогу белгилүү гимнастчысынын тагдырын чечти.
Марина Бас, Аринанын чоң энеси:
- Мамлекет биздин балдарыбызга, тагыраагы, биздин үй-бүлөбүзгө кам көргөнүнө абдан кубанычтамын. Анын үстүнө шахмат жана көркөм сүрөт искусствосуна катыша албай калганбыз. Балким, көркөм гимнастика үчүн дагы акча төлөмөкпүз. Анткени ал ушунчалык ийкемдүү, дөңгөлөктү жакшы айлантат. Мындан ары 3 багытка тең барса болот экен. Бизге бул чоң жардам.
Жеткирүүчүлөргө коюлган негизги талап - бул квалификациялуу кадрлардын, бир жыл мурун өзүлөрүнүн же ижарага алган жайларынын болушу. Бул СЭСтин талаптарына жооп берет. Азырынча баарынан жигердүүсү мегаполистер. Адистердин айтымында, программа жөнүндө бардыгы эле биле бербейт, ошол себептен порталдагы тандоо анчалык кенен эмес. Жумуш уланууда. Күн сайын уюмдардан, ошондой эле ата-энелерден көп кайрылуулар келип түшүүдө. Чиновниктер күткөндөй, каржылоо бир гана өрүш алат. Максаты - 4 жаштан 17 жашка чейинки казакстандыктарды мүмкүн болушунча көбүрөөк камтуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков