Караганды тургуну 777 чакырымды жөө басып өттү

Караганды тургуну 777 чакырымды жөө басып өттү

Казакстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 777 чакырым. Теке айынын 23дө Карагандыдагы Каныш Сатпаевдин эстелигинин алдынан жолго чыккан Асхат Кажытай 12 күн бою дал ушул чакырымды басып өтүп, Улуу тоого жетти. Улуу максат жолундагы сапарда Жаңаарка районунун тургундары күтүп алып, сый-урмат көрсөтүштү. Улуу тоо журтчулугу да Асхатты чоң салтанат менен тосуп алышты. Менин максатым - казак талааларынын жана жаратылышынын ыйык жерлерин социалдык тармактар аркылуу элге таанытуу менен ички туризмди өнүктүрүү, - дейт Асхат. Белгилей кетсек, Асхат буга чейин Арканын эң бийик жери Аксоранга чейин жөө басып барган. Ультра-марафончу Караганды, Улуу тоо сапарын бийиктиги 1133 метр болгон Аулие-тоодо жыйынтыктады. Алдыда ал Европаны жөө багындырууну көздөп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков