Беларуста Казакстандын маданият күндөрү өттү

Беларуста Казакстандын маданият күндөрү өттү

Беларуста Казакстандын маданият күндөрү өттү. Кеңири масштабдуу агартуучулук иш-чарасы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына карата уюштурулган. Анын алкагында казак киносунун фестивалы болду. Өлкө борборунун тургундары менен конокторуна «Паралимпиадачы», «Дос-Мукасан», «Балбан Шолак», «Улуу талаа таңы» аттуу көркөм чыгармалар сунушталды. Ошондой эле, маданий иш-чаранын коноктору Газиза Жубанова атындагы квартеттин өнөрүнөн ырахат алып, мастер-класска катышты. Үч күнгө созулган маданий программа казак өнөрпоздорунун гала-концерти менен аяктады.

Нуркиса Дауешов, Казакстандын маданият жана спорт вице-министри:

Казакстан Республикасынын Беларус Республикасындагы маданият күндөрү, эки өлкөнүн башчыларынын ортосундагы келишимдердин алкагында өткөрүлүп жатат. Бул эки элдин орток маданиятын көрсөтүү менен достугубузду бекемдөө. Казак киносунун өзгөчөлүгү,   акыркы жылдары тартылган фильмдерди беларусиялык көрүүчүлөргө көрсөтүү. Ал аркылуу эки өлкөнүн кино тармагындагы маданиятыбыздын байланышын чыңдоо. Албетте, биздин тарыхыбыз жалпы көптөгөн биргелешкен тасмалар тартылып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков