Казакстандык режиссер Эмир Байгазиндин жаңы тасмасы Канаданын Торонто фестивалында тааныштырылат. «Жашоо» аттуу чыгармасы «Заманбап дүйнөлүк кино» секциясында сунушталат. Тасманы тартуу иштери 2019-жылдын күзүндө башталып, үч жылга созулган. Тартуу тобу Казакстанда жана Тайландда иштешкен. Фильмдеги башкы ролду Еркебулан Тасынов аткарган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков