Курулушка керектүү атайын техникалар күйүүчү май талап кылбайт. Түзүлүшү да жөнөкөй. Автокрандын кыймылы үчүн Arduino-Uno технологиясы колдонулган. Жашыл долбоорду ишке ашырууга эки ай убакыт кеткен.
Курмет Айткалиев, ойлоп тапкыч:
- Кранды башкаруу үчүн Arduino-Unoну колдонуу керек. Биз үч сенсорго туташкан эки батарейканын жардамы менен технологияны иштеттик. Автокран оңго да, солго да, өйдө да кыймылдай алат.
Берик Имангали, ойлоп тапкыч:
- Идеяны жетекчим Нурсейит агай сунуштады. Анын айтуусу менен ушундай долбоорду жүзөгө ашырдык. Алдыдагы убакытта мындан да чоң, адамдын турумушуна пайдасы бар, адамга жардамдаша турган авто кран ойлоп чыгарабыз деген ойдомун.
Жаш окумуштуулар атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Алардын ыкчам ой жүгүртүүсүн жана чексиз фантазиясын илимге колдонуу чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат», - дейт ийримдин жетекчиси.
Нурсейит Жанибек, ийрим жетекчиси:
- Азыркы учурда мектеп окуучусу болгондуктан, университетке тапшырганда өзүнүн дараметин ачууга чоң жардам берет деп айта алам. Биздин курска бул балдар, мектеп окуучулары, 7-11-класстын балдары келип катышып жатышат. Максатымыз — өзүбүздүн Zhas space мейкиндигини карай Steam багытындагы балдарга билим берүү.
Акыл ой ээлеринин максаты – илимге салым кошуп, мындан ары да долбоорлорунун санын көбөйтүп, мыкты идеяларды ишке ашыруу болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков