Астанада 14-эл аралык тоо-кен металлургиялык конгресси өтүп жатат

Астанада 14-эл аралык тоо-кен металлургиялык конгресси өтүп жатат

Астанада 14-эл аралык тоо-металлургиялык конгресс өтүп жатат. Бул Борбор Азиядагы аталган тармактагы эң маанилүү жолугушуу. Быйыл ага 20 өлкөдөн 1300 делегат катышып жатат. Форумдун негизги темасы – «Металлдардын доору – көйгөйлөр жана чечүү жолдору». Адистердин айтымында, бул Казакстандын жаңы мунай аталып кеткен жана өлкө экономикасынын негизги таянычы болгон сейрек металлдарды өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт.

 

Канат Шарлапаев, өнөр жай жана курулуш министри:

 

-Тоо-кен тармагы мурдагыдай эле экономиканын негизги тармагы. Жаңы мезгилде суроо-талап өзгөрсө рынокко ыңгайлашып, ошол калыбынан өзгөрбөйт. Казакстан буга толугу менен даяр. Биздин дүйнөлүк рынокто өз ордубуз бар жана  жеткирүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте беребиз деп ойлойм.

 

Конгресстин алкагында тоо-металлургиялык комплекстин көргөзмөсү өтүп жатат. Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр тизмегин Швейцария, Кытай, Орусия, АКШ, Финляндия, Германия жана Жапония көрсөтүштү. Алдынкы технологиялар жана жабдуулар, химиялык товарлар, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту сактоо, геологиялык чалгындоо, инженердик иш-чараларга байланыштуу жаңы инновациялык өнүмдөр коомчулукка тааныштырылат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков