Бээжинде Silk Way Starга расмий старт берилди

Бээжинде Silk Way Starга расмий старт берилди

Бээжинде Silk Way Star аттуу биринчи Азия музыкалык сынагынын расмий старты берилди. Ачылыш аземи ШКУнун гуманитардык алмашуу форумунун алкагында өттү. Долбоорду Казакстандын Президентинин Телерадиокомплекси жана Кытайдын CMG медиакорпорациясы биргелешип ишке ашырууда.


Ван Мин, CMG көркөм билим берүү программалары борборунун мүдүрүнүн орун басары:


- CMG үчүн Казакстан менен биргеликте мындай масштабдуу шоу уюштуруу чоң сыймык. Бул кадам Азия өлкөлөрүнүн маданий байланыштарын бекемдөөгө олуттуу салым кошот. Долбоордун аркасында биз дүйнө коомчулугун казак жана кытай маданияттары менен тааныштыра алабыз. Келечекте биз ушундай биргелешкен долбоорлорду улантып, эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого аракет кылабыз деп пландаштыруудабыз.

 

Ошол эле учурда Астанага калыстар тобунун мүчөлөрү келе баштады. Кечээ күнү калыстар тобунда Түштүк Кореяны көрсөткөн ырчы жана T-Max бойсбэндинин мурдагы лидери Шин Мин Чоль учуп келди. Эскерте кетсек, Астанада тартыла турган Silk Way Star сынагына 12 өлкөнүн аткаруучулары катышат. Көрүүчүлөрдү 10 эпизод, ошондой эле жетинин айынын 22де Jibek joly/ silk way телеканалы жана катышуучу өлкөлөрдүн алдыңкы каналдары аркылуу түз эфирде көрсөтүлө турган финалдык гранд-шоу күтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков