"Астана Опера" театрынын сахнасында алгачкы жолу легендарлуу Джоаккино Россининин "Алжирдеги италиялык кыз" спектакли сунушталды. Премьераны казакстандык жаш режиссер Еренбак Тойкенов койду. Бул анын борбор калаадагы театрдын чоң сахнасындагы дебюттук чыгармасы. Спектакль көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жагымдуу маанай тартуулай алды.
Еренбак Тойкенов, коючу-режиссер:
- Эки актылуу, үч саат коюла турган эң чоң спектаклдердин бири. Эгерде башка спектакльдер 300-400 бет болсо, бул 500 беттен турган спектакль. Спектаклдин өзгөчө атмосферасы өзүнө тартып, окуянын желеси көрүүчүнү азыркы учурга жетелейт. Эгер мурда баары тарыхый фактыга негизделсе, ошол тарыхый мезгил сүрөттөлмөк. Кошумчалай кетсек, бул спектаклдин негизги өзгөчөлүгү – аны өзүбүздүн күчүбүз менен коюп чыктык. Бул казакстандык бренд болот.
Маданияттардын карама-каршылыгы, актерлордун чеберчилиги, ошондой эле Джоаккино Россини өз чыгармаларында көп колдонгону назик юморист сүрөтчү Манана Гунияны эң сонун сахналык образдарды жаратууга шыктандырган. Жалпысынан жеке аткаруучулар, хорлор жана мимансалар үчүн 70 костюм даярдалган.
Манана Гуния, кийимдер боюнча сүрөтчү/Италия:
- Өндүрүш боюнча иш бугу айында башталган, мен тигүү цехтин чоң эмгегин баса белгилегим келет. Анткени ал кыска убакыттын ичинде рекорддук көлөмдөгү костюмдарды тигип чыгарды. Бул европалык деңгээлдеги масштабдуу иш деп айта алам. Аталган долбоордун ийгиликтүү ишке ашканына абдан кубанычтамын. Анткени бул тууралуу 2020-жылдан бери айтып келе жатабыз. Эми мында биз Россининин бул эң сонун операсын чон сахнада аткарууга жана көрүүгө мүмкүнчүлүк алып жатабыз.
Жеке аткаруучулардын чеберчилиги да жогорку деңгээлде болгондугун айта кетүү керек. Окуя боюнча Алжирдин башкаруучусунун колуна түшкөн Мисс Изабелланын ролун 2 вокалист алып чыкты. Алардын бири бул ролго атайын чакырылган Лаура Вереккья менен «Астана Опера» академиясынын солисти Эльмира Шпекпаева. Ал эми Жандарбек Еркинбаев менен Шынгыс Расылхан башкы каармандардын бири Мустафанын партиясын аткарып чыгышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков