«Астана Опера» театрынын балет артисттери Словенияда өнөр көрсөттү

«Астана Опера» театрынын балет артисттери Словенияда өнөр көрсөттү

«Астана Опера» театры Люблянада өткөн 72-эл аралык жайкы фестивалда словениялык көрүүчүлөрдү таң калтырды. Театр артисттери Арам Хачатуряндын «Спартак» балетин аткарышты. Ата мекендик жамаат фестивалдын уюштуруучулары тарабынан атайын чакырылып, өлкөнүн Маданият министрлиги колдоо көрсөттү. Ошентип, группа теке айынын 1и жана 2си көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Спектаклди Словения филармониясынын оркестри жана Казакстандын эмгек сиңирген артисти, маэстро Абзал Мухитдин жетектеген аялдар хору коштоду. Негизги партияларды солисттер – Бахтияр Адамжан, Айгерим Бекетаева жана Мадина Өнербаева аткарышты. Казакстандык артисттердин өнөрлөрүн 3 миңден ашык көрүүчүлөр көрүштү. 

Бактияр Адамжан, «Астана Опера» театрынын солисти:

– Бул балетте Спартактын ролун бийлеп жатканыма 10 жылдай болду. Азыркы учурда физикалык жана актёрдук чеберчилик жактан, Спартактын ролун түшүнүү жагынан менин оюмча туу чокуга жеттим деп ойлойм. Ошондуктан Любляна калаасынын көрүүчулөрү керемет спектакль көрүшөт деген ойдомун. Бул биздин өлкө үчүн чоң жарнама. Искусствобуз жогорку денгээлде экенин далилдегенге сонун мүмкүнчүлүк.

Которгон: Илгиз Жамалбеков