Алматыдагы Абай атындагы Казак улуттук опера жана балет театрында Рамазан Бапов атындагы зал ачылды. Легендарлуу балет бийчиси быйыл көзү тирүү болгондо 75 жашка чыкмак. Ачылыш аземине бийчинин достору жана кесиптештери, студенттери, ошондой эле Казак ССРинин эмгек сиңирген артисти, жубайы Людмила Рудакова катышты. Замандаштарынын айтымында, Рамазан Бапов - дүйнөлүк хореографиядагы кайталангыс феномен. Ал бүткүл саналуу өмүрүн бийге арнап, казактын хореографиялык өнөрүн дүйнө жүзүнө таанытты. Көп жылдар бою классикалык спектаклдерде башкы ролдорду аткарып, көрүүчүлөрдүн кол чабуусуна ээ болгон. Рамазан Бапов 22 жыл ичинде театр сахнасында кайталангыс образдардын галереясын түзгөн.
Алибек Динишев, Казакстандын Эл артисти:
Рамазандын ички дүйнөсү башкача эле. Анда бийге делген өзгөчө интеллект болду. Анын мектеби, Советтик балет искусствосунун көрүнүктүү мектеби. Рамазандын театрыбызга келиши кубанычтуу учурлардын бири болду. Албетте, Москвада калууга же башка жерди тандоого болоор эле. Ал тез-тез гастролдо жүрчү. Рамазан Бапов өзгөчө инсан. Ал балет үчүн жаралган инсан, биздин казак балетин бийик деңгээлге алып чыккан өнөр ээси.
Бибигүл Нүсипжанова, Казак улуттук хореография академиясынын ректору:
Рамазан Салихулинин орду өзгөчө. Ал бул театрдагы бардык партияларды, ролдорду мыкты аткарды. Азыр да ал кишини эталон дейбиз, анын ички дүйнөсү таза жана керемет болгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков