Казакстанда алгачкы Курултайга депутаттар шайлоосун өткөрүү
күнү белгиленди. Ал баш оона айынын 23дө болот. Тийиштүү жарлыкка Президент Касым-Жомарт
Токаев кол койду. Шайлоого даярдыкты жана аны өткөрүүнү Борбордук шайлоо
комиссиясы уюштурат. Өлкө өкмөтү жана жергиликтүү аткаруучу органдарга шайлоо
процессин уюштуруу үчүн бардык зарыл чараларды кечиктирбестен кабыл алуу
милдеттендирилди. Айта кетсек, бир палаталуу Курултай шайлоо буга чейинки
Мажилис менен Сенатты алмаштырат. Жаңы мыйзам чыгаруучу орган 145 депутаттан
турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

