Казакстан менен МАГАТЭ кызматташууну терендетүүдө

Казакстан менен МАГАТЭ кызматташууну терендетүүдө

Казакстандын президенти бүгүн МАГАТЭнин башкы мүдүрү Рафаэль Гроссини кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев өлкө көп жылдык өнөктөштүктү, ошондой эле Агенттиктин өзөктүк коопсуздукту чыңдоого жана атомдук энергияны тынчтык максатта пайдаланууга кошкон салымын жогору баалай турганын белгиледи. Касым-Жомарт Токаев республиканын МАГАТЭ менен 2036-жылга чейинки кызматташтыгын тереңдетүү боюнча Жол картасына, өзөктүк медицина жана илим жаатындагы бир катар документтерге кол коюлганын кубаттады. Мамлекет башчысы Казакстандын өзөктүк коопсуздукту, мамлекеттер аралык ишенимди чыңдоо боюнча эл аралык аракеттерге мындан ары да практикалык салым кошууга бекем чечкиндүү экенин билдирди. Президент ошондой эле Рафаэль Гроссиге БУУнун Башкы катчысы кызматына талапкерлигин көрсөтүүдө ийгиликтерди каалады.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

Сиздин 2023-жылдын чын куран айындагы Казакстанга болгон биринчи сапарыңыз биздин кызматташтыгыбызга кошумча дем берди. Ядролук куралсыздануу жана таратпоо маселелеринде биз бир тилде сүйлөшөбүз деп эсептейм. Ошол эле учурда дүйнөдө глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн жалпы ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылган өтө карама-каршы кырдаал түзүлдү.

Рафаэль Гросси өз кезегинде Казакстандын глобалдык өзөктүк коопсуздукту жана жайылтпоо режимин бекемдөөгө болгон туруктуу берилгендигин жогору баалады. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаевдин эл аралык кадыр-баркын, диалогду, өзөктүк коопсуздукту жана көп тараптуу кызматташтыкты илгерилетүүдөгү ырааттуу ролун белгиледи. Жолугушуунун соңунда Казакстан Республикасы менен МАГАТЭнин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон олуттуу салымы үчүн Казакстандын Президенти Рафаэль Гроссини I даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков