Түндүк Казакстан облусунда тогуздун айынын 6да 600гө жакын референдум участкасы иштейт. Алардын 97си Петропавлда, калгандары айыл-аймактарда. Учурда алар саясий өнөктүккө даяр. Болжолдоолор боюнча, 375 миңден ашуун адам тандоо жасайт. Жооптуу кызматкерлердин айтымында, бүгүнкү күндө атайын жайлар толук керектүү жабдуулар менен жабдылган. Участоктордо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын кабиналар даярдалган. Келип добуш бере албагандар үчүн комиссия мүчөлөрү көчмө урналарды жеткиришет. Белгилей кетсек, аймакта республикалык референдумду даярдоону жана өткөрүүнү 606 комиссия жүргүзөт.
Сара Алдаева, Кызылжар районунун аймактык референдум комиссиясынын төрагасы:
– Бүгүнкү күндө комиссиянын мүчөлөрү калк менен иштешүүдө. Эгерде добуш берүүчү белгилүү себептерден улам келе албаса, анда ал үйгө келгендиги жөнүндө арыз жазат. Аларга участкалык комиссиянын эки мүчөсү барат. Буга карата карыяларга, бейтаптарга, уюшкан транспорт менен барат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков