Бакуда Казакстандын кино күндөрү өттү

Бакуда Казакстандын кино күндөрү өттү

Анимациялык жана көркөм фильмдер. Бакуда ата мекендик эң мыкты тасмалар көрсөтүлдү. Азербайжанда Казакстандын кино күндөрү өттү.

Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө «Алга» көркөм тасмасы жана «Кенже кыз» анимациялык тасмасы сунушталды. Тасмада өзүнүн кайдыгер бир туугандарын таасирлентүү үчүн жаңылып, байыркы жинди бошоткон кичинекей кыздын окуясы баяндалат.

Иван Ардашов, режиссер:

Биздин негизги максатыбыз балдар менен бирге эс алып, көңүл ача турган, шыктандырып, жакшы убакыт өткөрүүгө боло турган кино тартуу болчу. Бул жеңил мультфильм.

Анимациялык фильм азербайжандык көрүүчүлөрдү алгачкы мүнөттөрдөн эле өзүнө арбап алды. Алардын айтымында, бул эмгек Казакстандын улуттук баалуулуктарын мүмкүн болушунча ачып берет.

Аида Эйвазова, көрүүчү:

Мультфильмди көргөндөн кийин жакшы таасир алдым. Анда казактын айылдары, оймо-чиймелери, боз үйлөрү көрсөтүлгөн. Түрк мамлекеттеринин балдарын ушундай чыгармалар аркылуу тарбиялоо керек. Мультфильм биздин тилге которулса, кино көрсөтүүлөр дагы көп болот деп ойлойм.

Иш-чаранын экинчи күнүндө «Алга» даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Анда атасы каза болгондон кийин туура эмес жолго түшүп, кылмышка аралаша баштаган бир туугандардын жашоосу тууралуу баяндалат.

Ербол Семкулов, актер:

Жашоодо адамдын башына ар кандай кырдаалдар өтөт. Бирок кандай гана кыйынчылык болбосун, баарын жеңүүгө болот. Бул ойду ушул тасма аркылуу башкаларга жеткиргибиз келет. Анда биздин айыл жана кооз шаар бар. Тасма көпчүлүктү таң калтырат деген ойдобуз.

Уюштуруучулардын айтымында, Бакудагы кино күндөрү көрүүчүлөрдү Улуу Талаа өлкөсүнүн маданиятына каныктырып, көпчүлүктүн көңүлүнө жакты                                                                            

Которгон: Илгиз Жамалбеков