Казакстан элдери
Ассамблеясы быйыл 30 жылдыгын белгилеп жатат. Бул мезгилде уникалдуу
институттун масштабы кеңейип, жаңы этномаданий борборлор түзүлдү. Алардын
бири-фин-угор коомдук бирикмеси. Өлкөдөгү мындай жалгыз борбор Павлодар
облусунда иштейт. Анын курамына мордва, удмурт, мари, венгр, коми-пермяктар
жана эстониялыктар кирет. Алар 10 жылдан бери бай маданияты жана каада-салттары
менен бөлүшүп келишет. Борбор маданий иш-чараларга катышуу менен гана
чектелбейт. Бирикме социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорунан четте калган
эмес.
Рамиль Смаилов,
Павлодар облусу КЭА төрагасынын коомдук орун басары:
- Уникалдуу
этномаданий бирикмелердин бири болуп Павлодар облусунун фин – угор коомдук-маданий
борбору саналат. Алар быйыл 10 жылдык мааракесин белгилеп жатышат. Борбордун
өзгөчөлүгү-коомдук бирикменин курамына 20дан ашык этностордун өкүлдөрү кирет. Бүтүндөй
фин-угор тобун бир чатырдын астында бириктирип турат.
Казакстан элдери
Ассамблеясында ар кандай этномаданий бирикмелердин арасында Индиянын борбору да
бар. Бул коомдук уюм дагы жалгыз. Актаудагы «Салам, Намасте» борборунун
курулганына болгону 4 жыл толду. Бул жердегилер Индиянын маданиятын гана
жайылтпастан, билим берүү, заманбап технологиялар жана саламаттыкты сактоо
жаатында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого салым кошуп келет.
Казакстандын Улуттук волентердик тармагы менен бирге кайрымдуулук марафонун
өткөрүүнү пландаштырууда. Белгилей кетсек, Мангыстау облусунда Индия улутунун
миңге жакын өкүлү жашайт. Бардыгы этномаданий борбордун ишине активдүү катышат.
Хитеш Вадодория,
«Салам Намасте» Индия этномаданий борборунун негиздөөчүсү:
- Казакстан элдери
Ассамблеясы-бул дүйнө жана мен үчүн үлгү. Казакстанда жашап жатканыма 21 жыл болду.
Бардык диндердин өкүлдөрү бир түндүктүн астында жаап келет. Алгач Ассамблеяны
көргөндө кандай сонун долбоор, сонун план экенине таң калдым. Бул элге чоң күч
берди. Баарынын жалпы максат-кызыкчылыктары бирдей.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

