Индиянын Улуттук архивинен жалпысынан 3700 барактан турган 29 материал чыкты. Былтыр атайын сапарга чыгып, документтерди кылдат изилдеген казакстандык окумуштуулар өлкөгө алып келген көчүрмөлөрүн коомчулукка жарыялашты.
Жандос Болдыков, кол жазмалар жана сейрек китептер улуттук борборунун мүдүрү:
- Көбүнүн толук аты-жөнү, канча малы бар, абалы кандай болгон, маданияты кандай, кайсы тилде сүйлөшөрү тууралуу маалыматтар бар. Келээри менен Индиядан жакшы Медициналык жана акчалай жардам көрсөтүлдү.
Кытай, Тибетти ашкан улуу көч 3 миң 39 адам 4 миң жылкы, 3 миң төө жана 20 миң кой менен Индияга 1941-жылы жетти деген конкреттүү маалыматтар документ менен ырасталган. Узак жана татаал жолдо алсыраган кербен бөтөн жерге дароо көнүп кете албай чоң жоготууга учурайт.
Жади Шакен уулу, Евразия жазуучулар борборунун мүчөсү:
- Ал жерде оорудан улам 1500 адам катары менен шейит болду. 1951-жылы казактар турганда аларга экинчи көч келип кошулду. Эки көч биригип Түркияга чогуу барышкан. Былтыр бул кыймылдын 70 жылдыгы белгиленип, даректүү тасма тартылды. Кичинекей кезимден бери эсимде сакталып калган бул фактылар мени Алтайдан Анадолуга алып барды, ошол жолду басып өттүм. Ушул темада “Каргашалуу көч” деген роман жаздым.
Ата мекендик илимпоздор келерки жылы Индиянын архивдерине дагы бир терең изилдөө жүргүзө тургандыктарын билдиришти. Жалпысынан ушул убакка чейин “Архив-2025” долбоорунун алкагында 10го жакын өлкөгө экспедициялар уюштурулуп, Казакстандын тарыхына байланыштуу 7 миңге жакын документалдык маалыматтар табылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков