«Бактылуу үй-бүлө» программасы боюнча арыздарды кабыл алуу башталды

«Бактылуу үй-бүлө» программасы боюнча арыздарды кабыл алуу башталды

Казакстанда жеңилдетилген насыяга турак жай сатып алууга арыздарды кабыл алуу башталды. «Бактылуу үй-бүлө» программасынын алкагында ипотека 20 жылдык мөөнөткө 10 пайыздык баштапкы төлөм жана жылдык 2 пайыздык үстөк менен берилет. Турак жай насыялары көп балалуу жана толук эмес үй-бүлөлөргө, майып балдарга арналган. Программанын шарттарына ылайык, алар баштапкы жана экинчи базардагы батирди, ошондой эле жеке үй да сатып ала алышат. Насыянын максималдуу суммасы - 15 миллион теңгеге чейинки үйлөр Нур-Султан менен Алматы шаарларында жана ага жакын аймактарда, ошондой эле Шымкент, Актау жана Атырау шаарларында берилет. Башка аймактарда насыянын суммасы 10 миллиондон ашпайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков