Президент Финляндиянын тышкы соода жана эл аралык өнүгүүнү колдоо министри Вилле Скиннарини кабыл алды

Президент Финляндиянын тышкы соода жана эл аралык өнүгүүнү колдоо министри Вилле Скиннарини кабыл алды

Жаңы мекеме Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарына кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаевдин Финляндиянын тышкы соода жана эл аралык өнүгүүнү колдоо министри Вилле Скиннари менен жолугушуусунда белгилүү болду. Дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки 30 жылдын ичинде Финляндия Түндүк Европа өлкөлөрүнүн ичинен экинчи ири инвестор болуп калды. Кошумчалай кетсек, Финляндиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүүсүнүн 90 пайызы Казакстанга таандык. Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн соода-экономика, транспорт-логистика жана билим берүү тармагында өнөктөштүгүн бекемдөө маанилүү экенин белгиледи. Мамлекет башчысы фин ишкерлеринин Казакстанга инвестициясын көбөйтүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады. Белгилей кетсек, Казакстанга келген делегациянын курамында 15 ири финляндиялык компаниясынын өкүлдөрү бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков