Жеңил
өнөр жайдан медицинага жана санариптик чечимдерге чейин. Кытайдын Цзянсу
провинциясы EXPO Coods Central Asia форум-көргөзмөсүндө Астанадагы эң ири соода павильонун тааныштырды. Бул аймак КЭР империясында
экономикалык жактан өнүккөн аймактардын бири болуп эсептелет. Анда
илимий-техникалык жана өндүрүштүк
жаңылыктар тыгыз интеграцияланган. Бул жетишкендиктер ишканалар тарабынан
ачык-айкын көрсөтүлгөн.
Көргөзмөдө Пакистан, Өзбекстан, Орусия,
Беларусь, Казакстан, Иран, Латвия жана Эстониядан келген 150дөн ашык
бренддердин өнүмдөрү
коюлду. Платформанын өзү жөн гана товарлардын көргөзмөсү эмес, диалог,
инвестиция, узак мөөнөттүү келишимдер жана бизнес өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн аянтча.
Хань
Чуньлинь, КЭРнын Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
- 2024-жылы
Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын жалпы көлөмү 94,8
миллиард долларга жетти, бул 2023-жылга салыштырмалуу 5,4 миллиард долларга
көп. Кытай компаниялары акырындык менен Борбор Азияга инвестицияларын ар
тараптандырууда. Мындан ары энергетикага, инфраструктурага жана башка
тармактарга инвестицияларды көбөйтүүдөн тышкары, айыл чарба, өндүрүш, жогорку
технология жана башка тармактарда кызматташуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү
издешет.
Катышуучулардын
айтымында, Борбор Азия экономикалык интеграциянын жаңы чечимдерине даяр. Ал эми
Казакстан аймактагы туруктуу сооданын борбору катары кызматташтык форматтары
үчүн жаңы өсүү чекити болуп калды. Заманбап глобалдык чакырыктардын шартында
региондун өлкөлөрү өз ара пайдалуу кызматташууга жана колдоого негизделген
тыгыз байланыштарды түзүүгө умтулууда.
Арман
Шаккалиев, Соода жана интеграция министри:
- 2024-жылы
Казакстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 7,6 млрд АКШ долларын
түзгөн. Мында жогорку кошумча наркы менен чийки эмес өнүмдүн үлүшүнүн өсүшү
белгиленет. Бул өз ара сооданын сапаттуу өнүгүшү жана региондун кыйла туруктуу,
ар тараптандырылган экономикага өтүшүн күбөлөндүрөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

