Суу коопсуздугу-Борбордук Азиянын туруктуу келечегине
негизги инвестиция. Аймактын келечеги дал ушул ресурстан көз каранды. Бул тема
Астана эл аралык форумундагы пленардык сессиялардын биринде талкууланды.
Казакстандын Президенти өз сөзүндө климаттык каатчылыкты чечмейинче өнүгүү
туруктуу болбойт деп белгиледи. Ал эми Борбор Азия – мындай өзгөрүүлөргө аярлуу
аймактардын бири. Буга өлкө алга тартып жаткан регионалдык макулдашылган
климаттык күн тартиби жооп болушу мүмкүн.
Цюй Дуньюй, БУУнуну азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун
башкы мүдүрү:
- Борбордук Азиядагы эң ири суу керектөөчү болуп айыл
чарбасы эсептелет. Жерди сугаруу нымдуулуктун олуттуу көлөмүн талап кылат. Бул
маселе-бир гана жалпы көйгөй эмес, ошондой эле аймактагы бардык өлкөлөрдүн
тагдырын жана жоопкерчилигин аныктоочу маанилүү фактор. Суу коопсуздугу-бул
күчтөрдү бириктирүү жана туруктуу өнүгүүгө, ишенимдүү, тынч жана бакубат
келечекке жетүү үчүн жалпы каалоолордун негизи.
Астана эл аралык форуму – бул замандын негизги
чакырыктарын талкуулоо үчүн гана эмес, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жолдорун
издөө аянтчасы болуп саналат.
Канат Бозымбаев, Премьер-министрдин орун басары:
- Биз эми коңшу өлкөлөрдөн бизге келген сууну максималдуу пайдалануу үчүн эл аралык келишимдер аркылуу өлкөбүздүн кызыкчылыгын камсыз кылууда болгон күчүбүздү жумшайбыз. Биз 42ге жакын жаңы суу сактагычтарды курабыз, иштеп жаткан 30 ири суу сактагычты модернизациялайбыз. 14 миң чакырымдан ашык ирригациялык каналдарды жаңылайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

