Байыркы түрк цивилизациясынын жазуулары көпчүлүктүн назарына сунушталды

Байыркы түрк цивилизациясынын жазуулары көпчүлүктүн назарына сунушталды

Окумуштуулар 6-14-кылымдарга таандык 40тан ашык эстеликтерди жана экспонаттарды изилдеп, атайын каталогго киргизишкен. Ошол эле учурда илимий долбоордун алкагында Тагдыр жазуулары даректүү тасмасы тартылган. Белгилей кетсек, долбоор АКШ элчисинин маданий мурастарды сактоо фонду тарабынан каржыланган.

Дэниел Розенблюм, АКШнын Казакстандагы элчиси:

- Долбоор бизге сунушталганда, ал тарых көз карашы жагынан абдан маанилүү жана дүйнөнүн окумуштууларын абдан кызыктыргандай көрүндү. Ошондуктан дүйнө илимпоздору, жалпы дүйнө элдери үчүн  түрктөрдүн байыркы тарыхынын сырларын ачкан изилдөөлөрдү колдоону туура деп көрдүк. Чынында эле түрктөрдүн байыркы жазуусу боюнча ар тараптуу изилдөөлөр жасалган. Ал эми археологиялык казуулардан көптөгөн далилдер бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков