Өлкөдө Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу максатында алдыңкы куралдар жана башкаруу системалары менен жабдылган технологиялык мобилдүү армияны түзүү милдеттери айкындалды. Бул тууралуу Коргоо министринин орун басары Султан Камалединов Борбордук коммуникациялардын брифингинде билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы коргоо тармагынын негизги приоритети катары Куралдуу күчтөрдүн түзүмүн жакшыртуу жана күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга багытталды. Бул жылы аскер кызматкерлери Беларус, Индия, Иордания, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Орусияда өткөн окуу-машыгууларга катышты.
Султан Камалединов, коргоо министринин орун басары:
- Мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруу максатында аскердик доктрина заманбап чакырыктарга ылайык кайра иштелип чыкты. Ошондой эле, “Коопсуз өлкө” улуттук долбоору даярдалды. Аталган долбоордун алкагында өлкөдө өндүрүлгөн курал-жарактардын үлгүсүн даярдоо, ок-дарылар кампасын куруу, учурдагы сактоочу жайды жакшыртуу пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков