Казакстан менен Европа Биримдиги кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүдө

Казакстан менен Европа Биримдиги кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүдө

Казакстандын Президенти Европа Биримдигинин лидерлери Антониу Кошта жана Урсула фон дер Ляйен менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Маектешүүнүн жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев өлкөбүз менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелер эки тараптуу кызматташтыктын бүткүл тарыхындагы эң жогорку деңгээлге жеткенин билдирди. Мамлекет башчысы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Ал эми транспорттук-логистикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул Ортоңку коридорду Европанын Global Gateway демилгеси менен байланыштыруунун келечеги жана өлкөдөгү инфраструктураны өнүктүрүү жөнүндө сөз. Касым-Жомарт Токаев Европа инвестицияларына, технологияларына жана биргелешкен өндүрүштөргө, ошондой эле энергетика, санариптештирүү, айыл чарба, суу жана климат чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкка кызыкдар экендигин айтты. Казакстандын Президенти виза режимин жеңилдетүү жана реадмиссия боюнча макулдашууларга байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү жыйынтыкталышын өзгөчө кубаттады. Европа Кеңешинин президенти Антониу Кошта Касым-Жомарт Токаевдин Euronewsдагы макаласын кылдаттык менен окуп чыккандыгын билдирип, республиканын Европа менен Азиянын ортосундагы байланыштыруучу көпүрө катары ролун баса белгиледи. Европа Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен ЕБ менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү он жылда эки эседен ашык өскөндүгүн билдирип, калган соода тоскоолдуктарын жоюу зарылдыгын атап өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынып, бир катар документтерге кол коюлду.


Которгон: Илгиз Жамалбеков