Орто кылымдагы соот - шаймандар

Орто кылымдагы соот - шаймандар

Уста өз колунан жасалган аскердик форма кийиминде тарыхый салгылашууларды чагылдырууга аракет кылат. Владимир Торопов 10 жылдан ашык убакыттан бери өзгөчө хобби менен алектенет. Соот-шаймандарды даярдоодо ал музейдин экспонаттарынын негизинде көчүрмөлөрдүн ар бир бөлүгүн түп нускасындагыдай кылып жасаганга аракет кылат. Ал үчүн Владимир булгаары, болот, титан сыяктуу материалдарды колдонот.

Владимир Торопов, уста:

- Мындай куполду жасоого кеминде бир жума керектелет. Андан кийин биз баш кийимге өтөбүз. Мында баш кийимге атайын жумшак материал тигилет. Ал согуштук курал катарына кирбейт. Биз чыныгы согуш талаасында болбогондуктан, биз муну жеке коопсуздук үчүн жасайбыз.

Бүгүнкү күндө Владимирдин жолун жолдогон студенттер бар. Эми алар биригип, казак оюмдары менен кооздолгон атайын калкандарды чыгарууну көздөөдө. Анткени талаа жоокеринин кийимин кайра жаратуу көп убакытты талап кылган иш. Бирок жыйынтыгы ага ылайыктуу дешет адистер. Алардын айтымында, жоокерлердин атмосферасын сезүү үчүн реконструкциянын пайдасы чоң.

Алена Монахова, реконструктор:

- Бул жерге келгенде чыныгы турмуштан бөлөк чоң фестивалга туш келгендей болосуң. Бардыгына катышып, сиз орто кылымдар дүйнөсүнө сүңгүп кетесиз. Орто кылымдагы чатырларда жашап, ошол кездеги адамдар колдонгон идиштерден жейсиз. Башкача айтканда, бардыгы жаңырып, жашоо толугу менен жаңыланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков