Өткөн дем алыш күндөрү «Астана
Опера» театрында симфониялык музыкалык концерт өттү. Башкы дирижёр,
Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Алан Бурибаевдин жетекчилиги менен дүйнөгө
белгилүү классикалык музыканттардын чыгармалары аткарылды. Шедеврлердин
арасында Фредерик Шопендин биринчи фортепиано концерти жана Людвиг Ван
Бетховендин бешинчи симфониясы көрүүчүлөрдүн назарына тартууланды. Алан Бурибаевдин
айтымында, Бетховендин бешинчи симфониясын билбеген адам жок. Андыктан бул
концерт көрүүчүлөргө толо турганы мурда эле белгилүү болгон.
Алан Бурибаев, «Астана Опера» театрынын
башкы дирижёру:
-Дүйнөлүк симфониялык адабияттын
алтын казынага айланган чыгармаларын аткарган кезде репертуарыбызды жаңылап
алабыз. Бул биздин көрүүчүлөр үчүн жаңылык болот. Оркестр үчүн да бул чоң
жетишкендик, анткени кесипкөй чеберчиликти жогорулатууга жардам берет. Андыктан,
бүгүнкү концертте өлбөс эки классиктин – Фредерик Шопен менен Людвиг Ван Бетховендин
симфониялары аткарылды. Кандай гана композиторлорду көрсөң да, Бетховенди аттап
кете албайсың.
Которгон: Илгиз Жамалбеков