Азыркы коомдун, айымдарын кандай маселелери тынчсыздандырат? Бул суроого жоопту борбордо өтүп жаткан «Ал кыз» аттуу жамааттык көргөзмөдөн табууга болот. Уюштуруучулардын айтымында, бир колу менен бешик, бир колу менен дүйнөнү терметкен эненин – улуттун тарбиячысы, үй-бүлөнүн уюткусу деген баалуулук азыркы заманда унутулуп баратат - дешет уюштуруучулар. Ошондуктан ата мекендик кылкалем чебери аялдар коомунун эмгектери аркылуу жектирүүгө аракет кылышкан. Жалпысынан 9 автордун 50гө жакын иштери бала тарбиясынын маңызы, гендердик теңсиздик, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук темаларына арналган.
Айгерим Мажитхан, сүрөтчү, көргөзмөнүн куратору:
- Бул жерде өзүмдүн «Өмүр дарыясы» аттуу фото сериям чыгарылган. Мен муну башкача айтканда, эне-баланы өстүрүү өмүр дарыясы сыяктуу ар кандай оор кырдаалдардан өтөт деген философиялык мааниде бергем. Бул заманбап көргөзмө болгондуктан, эч кандай чектөөлөр жок. Инсталляция ар кандай объекттерден жасалган, фотобу, же кездемедеги сүрөтпү, биз живопистин ар кандай жанрларында сүрөттөрдү тарттык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков