Казакстанда эл каттоонун алкагында тактоо иштери башталды. Бул иш жетинин айынын 8не чейин улана турганын Улуттук статистикалык бюросу билдирди. Жарандарды толук эсепке алуу жана маалыматтардын сапатын текшерүү үчүн тактоо чаралары жүргүзүлүүдө. Көзөмөл функциясы ар бир турак жайга интервьюердин барганына жана каттоо бланктары толтурулганына ынанууга мүмкүндүк берет. Акыркы маалыматтар боюнча, ушул күнгө чейин эл каттоого 19 миллион 450 миңден ашуун адам катышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков