Астана эл аралык форуму башталды

Астана эл аралык форуму башталды

Борбор калаада Астана эл аралык форуму башталды. Жолугушууда Казакстан гана эмес, дүйнө мамлекеттери үчүн актуалдуу маселелер талкууланат. Тактап айтканда, азык-түлүк коопсуздугу, суу тартыштыгы, энергетика жана экология тармагындагы көйгөйлөр сүйлөшүүнүн өзөгүн түзөт. Ардактуу коноктордун арасында абройлуу эл аралык уюмдардын жана ири компаниялардын жетекчилери, саясатчылар, илимпоздор жана медиа адистери бар. Форумдун пленардык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө президент Касым-Жомарт Токаев дүйнөнүн төрт бурчунан келген делегаттарга ыраазычылык билдирип, Астанадагы жолугушуу Чыгыш менен Батышты байланыштырган ишенимдүү диалогдун аянтчасы болуп каларына ишенимин билдирди. Белгилей кетсек, форумдун алкагында 40тан ашык панелдик сессиялар, бейформал талкуулар жана башка программадан тышкаркы иш-чаралар мерчемделген. Ошондой эле мамлекет башчынын төрагалыгы алдында Чет элдик инвесторлор кеңешинин жыйыны өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков