Казакстанга келген чет элдик туристтердин саны 2 эсеге өстү

Казакстанга келген чет элдик туристтердин саны 2 эсеге өстү

Казакстанда туристтердин агымы көбөйдү. Былтыркыга салыштырмалуу чет элдик саякатчылардын саны дээрлик 2 эсеге өстү. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын 6 айында чет өлкөдөн 500 миңден ашуун турист келген. Өткөн жылдын ушул мезгилинде алардын саны 300 миңге жакын болгон. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бул көрсөткүч 1,4 миллионго жетиши күтүлүүдө. Адистердин айтымында, өлкөдө эс алууну каалаган казакстандыктардын саны да артууда. Жыл аягына чейин ички туризм 9 миллионго жетери болжолдонууда. Былтыр ушул маалда алардын саны 3 миллиондон ашкан.

Ержан Еркинбаев, Туризм жана спорт вице-министри:
- Туристтердин санынын өсүшү эң алды менен туризм үчүн киреше. Мисалы, мейманканалар алты айда 100 миллиард теңге киреше тапкан. Бул былтыркыдан 30 миллиард теңгеге көп. Туризм бизнеси өнүксө, салыктар дагы көп чогулат. Быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча бюджетибизге туризмден 400 миллиард теңге салык түшөт деп пландап жатабыз. Салыштырсак, бул каатчылыкка чейинки 2019-жылдагыдан эки эсе көп.

Казакстан туризминин өсүшүнө тармакка инвестициянын көбөйүшү чоң таасирин тийгизип жатканын серепчилер айтышат. Маселен, быйылкы жылдын 8 айында аны өнүктүрүүгө 312 миллиард теңге каржы жумшалган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34%га көп.


Которгон: Илгиз Жамалбеков