Азык-түлүк коопсуздугу боюнча дүйнөлүк рейтингдеги позиция

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча дүйнөлүк рейтингдеги позиция

Казакстан азык-түлүк коопсуздугу боюнча дүйнөлүк рейтингде позициясын жакшыртты. Өлкө 113 мамлекеттин ичинен 32-орунду ээледи. Азык-түлүк коопсуздугунун глобалдык индекси боюнча республика Орусия, Беларус, Азербайжан жана Өзбекстандан ашып кетти. Серепчилер жарандарды арзан жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча кадамдарды системалуу түрдө ишке ашырып жаткандыктан Казакстан дүйнөлүк индексте көтөрүлүп жатканын белгилешүүдө. ФАОнун классификациясына ылайык, Казакстан бүгүнкү күндө Кытай, Австралия, ошондой эле Европа жана Түндүк Америка өлкөлөрү менен бирге азык-түлүк коопсуздугу боюнча үчүнчү - жагымдуу - мамлекеттер тобуна кирет. Белгилей кетсек, Казакстан товарлардын он түрү менен өзүн дээрлик толук камсыз кылат. Бул ун, жарма, сүт, эт, туз, күн карама майы жана башка өнүмдүн түрлөрү болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков