Казакстандагы лицейдин 6 окуучусу Гонконгдо билим алуу грантына ээ болду

Казакстандагы лицейдин 6 окуучусу Гонконгдо билим алуу грантына ээ болду

Бул жогорку окуу жайлары дүйнөдөгү эң мыкты 100 альма-матер категориясына кирет. Костанайдагы таланттуу балдар мектебинин лицейинин окуучулары билимин жана окуусун өркүндөтүп, жогорку окуу жайларына кылдаттык менен даярданууга болгон тынымсыз аракети менен түшүндүрүшөт. Лицейдин окуучулары англис тилин жана керектүү предметтерди тереңдетип үйрөнүштү. Ал эми документтерди тапшырганда жетишкендиктери тууралуу портфолиосун кошо тиркеген. Мисалы, Арсений Самойленконун бир нече илимий олимпиадалары жана жигердүү ыктыярчылык иштери үчүн сыйлыктары бар. Бүтүрүүчү келечекте инженер болууну көздөп жатат.

Арсений Самойленко, лицейдин бүтүрүүчүсү:

- Быйыл 11-класстын окуучуларына чет элдик жогорку окуу жайларына документ кабыл алуу мөөнөтү ачылары менен эле документтеримди тапшырдым. Бул жаатта дагы мүмкүнчүлүктөр болоорун эске алдым. Жакында эле Гонконгдон жакшы кабар келди. "Си Ти Ю" бекер окууга грант берерин жарыялады, дагы бир университетке тапшырганым тууралуу билдирүү жөнөттү, азырынча грант жок, дагы бир аз күтүшүм керек. Грант да болуп калышы мүмкүн. Чет өлкөдө окуунун жакшы жагы – үйүң алыс, чөйрө башка, ошондуктан өзүңдү жекече өнүктүрүүгө да пайдасы чоң.

Бул эле эмес, мектеп бүтүрүүчүлөрү АКШ жана Корея университеттеринен да чакыруу каттарын күтүп жатышат. Эң негизгиси, алар сапаттуу билим алуу зарылдыгын, алган билимин өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн колдонуу керектигин жакшы түшүнүшөт.

Райымбек Канатов, билим-инновация лицейинин профориентатору:

- Биздин мектепте окуучулар 7-класстан баштап 11-класска чейин англис тилин тереңдетип, кесибине керектүү предметтерге өзгөчө көңүл бурулат. Натыйжада эмгек жана математикалык билимдери ушундай ийгиликке алып келди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков