Ошол эле учурда дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн бири болгон GE Healthcare республика менен жогорку технологиялык жабдууларды жеткирүү боюнча гана эмес кызматташууну түзүүгө да ниеттенүүдө. Компания онкологиялык жана жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоонун ыкмаларын жана концепцияларын сунуштоону мерчемдөөдө. Премьер-министр Алихан Смаилов менен ишкананын Орусиядагы жана КМШдагы башкы мүдүрү Елена Легезина аталган структуранын жаңы инвестициялык долбоорлорун Казакстанда ишке ашыруу пландарын талкуулашты. Анын айтымында, дүйнөлүк өндүрүүчү ишкана Астана менен Алматыда эки академияны ачууну көздөп жатат. Бул жерде казакстандык адистер жабдуулар менен иштөөнү гана үйрөнбөстөн, дарылоонун жаңы ыкмаларын да өздөштүрөт. Премьер-министр өз кезегинде Казакстандын өкмөтү жаңы долбоорлорду ишке ашырууну колдоорун белгиледи. 2025-жылга карата ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштүн үлүшүн, анын ичинде жогорку суроо-талапка ээ болгон медициналык жабдууларды өндүрүүнү 50%га чейин көбөйтүү каралууда. Буга кошумча улуттук долбоорлордун алкагында 700гө жакын жаңы медициналык мекемелерди куруу жана кайра жабдуу иши алдыга коюлган. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуу келишимин иштеп чыгууга макулдашышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков