Шамал электр станциясы ишке кошулду

Шамал электр станциясы ишке кошулду

Казакстанда шамалдан электр энергиясын өндүргөн дагы бир электр станциясы ишке кирди. Баасы 9 миллиард теңге турган инвестициялык долбоор Жамбыл облусунун Каратау кырка тоосунун боюнда жайгашкан. Комплекске бийиктиги 75 метр келген 15 шамал генератору орнотулду. Алардын айрымдары учурда ишке киргизүү үчүн акыркы оңдоодон өтүп жатат. Жаңы электр станциясынын кубаттуулугу 4,5 мегаватты түзөт. Өндүрүлгөн энергия көмөк чордон аркылуу жалпы линияга берилет. Келечекте объектти кеңейтүү жана кошумча 15 турбинаны орнотуу пландалууда. Жалпысынан облуста альтернативдүү энергия булактарын өндүргөн 18 объект бар. Алардын жалпы кубаттуулугу 450 мегаватт. Бул өлкөнүн учурдагы кайра жанма энергия булактарынын 20%ын түзөт.

Евгений Ни, электр ширетүүчү:

Азыр объектти толук пайдаланууга берүү үчүн айрым оңдоо иштери жүрүп жатат. Негизги объектилерди монтаждоо жумуштары аяктады. Алар ишке кошулган. Өндүрүлгөн энергия линияга жөнөтүлүп жатат. Анын иштеши шамалдан көз каранды болгондуктан, шамал канчалык жогору болсо, ошончолук көп энергия өндүрүлөт.

Ауданбек Тауасаров, Талас райондук ишкердик бөлүмүнүн башчысы:

Жылдын аягына чейин электр станцияларынын үч түрү ишке кошулат. Алардын ар биринен жылына 70-80 миллион теңге салык түшүп турат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда жалпы кубаттуулугу 2300 МВттан ашкан 134 кайра жанма энергия булагы пайдаланууга берилген. 2022-жылдын 9 айында өлкөдө альтернативдүү энергия булактары тарабынан, жалпысынан 3917 млн ​​кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 21%га көп. Алсак, республикадагы жалпы электр энергиясынын 4,6%ы кайра жанма энергия булактарына туура келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков