Арман кала көргөзмөсү

Арман кала көргөзмөсү

Борбор калаа күнүнө карата Эл Башы китепканасынын музейинде «Арман кала» («Кыялдагы шаар») көргөзмөсү ачылды. Анда шаар тургундары жана коноктору баш калаанын түптөлгөндөн бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүүсүнүн уникалдуу образы менен тааныша алышат. Көргөзмө - Нурсултан Назарбаевдин жеке архивинен жана Эл Башы китепканасынын музей фондунан алынган материалдардын негизинде борбордун тарыхын комплекстүү изилдөөнүн натыйжасы. Экспозиция «Жаңы Астана», «Дипломатия» жана «Тынчтык Борбору» деген бөлүмдөрдөн турат. Бул көргөзмө Эл Башы китепканасында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата ишке кирген «Казакстан Жолу» долбоорунун көшөгөсүн ачат. Анын алкагында жыл аягына чейин тарыхый имараттын көргөзмө аянтында өлкөнүн бардык аймактарына арналган иш-чаралар өткөрүлөт.

Ерсултан Бектурганов, Эл башы китепканасынын атайын долбоорлор кызматынын башчысы

- «Казакстан жолу» долбоору бул бүтүндөй өлкөнүн, Казакстандын 30 жыл ичинде басып өткөн жолу. Булардын бардыгын кыска убакыттын ичинде айтуу мүмкүн эмес. Деген менен бүгүнкү борборубуз бүткүл Казакстандын гүлдөп-өнүгүшүнө, шаарлардын өсүшүнө локомотив болду десек жарашат. Чөлдө тургузулган чоң шаар дегенге болот. Азыркы учурда борборубуз дүйнөгө белгилүү шаарлардын бири. Борбор тынчтыктын ордосуна айланууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков