Мамлекет башчысы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык
көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйында улуттук курама команданын, спорт
комплекстеринин, мейманканалардын жана маданий жайлардын даярдыгы, ошондой эле
коопсуздук маселелери талкууланды. Касым-Жомарт Токаев Көчмөндөр оюндары
улуттук спорттун түрлөрү боюнча дүйнөдөгү эң ири мелдеш экенин белгилеп, аны
жогорку деңгээлде уюштуруунун, элдин тарыхы менен маданиятын, меймандостугун
көрсөтүү, коноктор жана спортчуларга керектүү шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүнө
көңүл бурду.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков