Кайтарылган активдер инфраструктуралык жана соцдолбоорлорго багытталат

Кайтарылган активдер инфраструктуралык жана соцдолбоорлорго багытталат

Казакстан өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен 1 триллион теңгеге жакын активдерди кайтарды. Анын 600 миллиард доллары чет өлкөдөн алынды. Бул багыттагы иштер тууралуу өлкөнүн Премьер-министри Сенат жыйынынан кийин өткөн брифингде маалымат берди. Өкмөт башчысы активдерди кайтаруу иштери кабыл алынган мыйзамга ылайык тыкыр жүргүзүлөрүн билдирди. Ошондой эле, ал мамлекет башчысынын саясий жана экономикалык реформаларынын уландысы экенин белгиледи. Кийинки милдет — активдерди республика экономикасына багыттоо болуп саналат.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
- Кайтарылган каражат социалдык чөйрөдөгү маанилүү долбоорлорду, ошондой эле, жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берген  инфраструктуралык жана өндүрүштүк долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталат. Эки жолу бар – бул ыктыярдуу жана мажбурлоо. Экинчиси соттун чечимине ылайык жүргүзүлөт. Муну менен катар, мыйзамдын күчү өтө турган адамдар тобу аныкталган. Алар административдик ресурстарды пайдаланып, активдерге мыйзамсыз ээ болгондор. Ал эми таза бизнес тууралуу айта турган болсок, алар үчүн  тынчсыздануунун кажети жок.

Которгон: Илгиз Жамалбеков