Азербайжандын Казакстандагы маданият күндөрү

Азербайжандын Казакстандагы маданият күндөрүнүн алкагында эки өлкөнүн улуттук китепканалары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту. Башкача айтканда, документ боордош өлкөлөрдүн маданий-гуманитардык байланыштарын бекемдейт. Анын алкагында борбордо Азербайжан этикасынын бурчу ачылды. Анда жергиликтүү элдин руханий баалуулуктарын жана тарыхын баяндаган 250дөн ашык китеп бар. Белгилей кетсек, бул улуттук китепканада орун алган дүйнө өлкөлөрүнүн 27-адабият бурчу.

Газиза Нургалиева, улуттук академиялык китепканасынын мүдүрү:

- Түрк өлкөлөрүнүн сейрек кездешүүчү китептери менен кол жазмаларынын санарип китепканасын түзүү тапшырмасы берилди. Жол картасы иштелип чыгып, жумушчу топ түзүлдү. Бул анын алкагында биз абдан жакшы өнөктөш болобуз. Анткени, Азербайжандын улуттук китепканасынын тарыхы терең корлорго бай.

Ошондой эле, маданий иш-чаранын алкагында Азербайжан эл жазуучусу Эльмира Ахундованын «Зарифа жана Гейдар Алиевдер. Түбөлүк махабат» аттуу казак тилинде басылган китебинин бет ачары болду. Чыгарма Азербайжандын мурдагы президенти жана анын жубайынын 100 жылдыгына арналган. Автор бул эмгегинде каармандарынын жашоосун жана эмгек жетишкендиктерин терең чагылдырган.

Эльмира Ахундова, Азербайжандын эл жазуучусу:

- Мен Гейдар Алиевдин жеке архивине кирдим. Анда көпчүлүккө билинбеген маалыматтарды таап, китебиме таяндым. Өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн кызмат кылган улуу инсан тууралуу жазылган эмгегим, анын ичинде кайталангыс архивдик документтер казак окурмандарына жагарына ишенем.

Бул күндөрү борбор калаанын тургундары жана меймандары Азербайжандын маданиятына күбө болду. Томиристин иконографиясы боюнча семинарлар уюштурулду. Атайын көргөзмөдө кол өнөрчүлөрдүн уникалдуу эмгектери коюлду. Иш-чаранын коноктору Азербайжандын элдик ырчыларынын, бийчилеринин жана музыканттарынын аткарууларынан да руханий эргүү алышты.

Олег Амирбеков, Азербайжандын маданият министринин кеңешчиси:

- Маданияттын тили универсалдуу, искусствого чек жок. Айрыкча түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданияты дүркүрөп өнүгүп жатат. Мен казакстандык көрөрмандын биздин искусствого болгон кызыгуусун жана жылуулугун сездим. Биздин жогорку деңгээлдеги тыгыз байланышыбыз бекемделиши үчүн маданият тармагы өзгөчө мааниге ээ.

Эске салсак, былтыр бештин айында Азербайжанда Бакуда Казакстандын маданият күндөрү өткөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков